Бир сутка ичинде 496 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
“Бишкекте – 137, Ош шаарында – 13, Чүй облусунда – 74, Ош облусунда – 53, Талас облусунда – 24, Нарын облусунда – 13, Ысык-Көл облусунда – 64, Жалал-Абад облусунда – 64, Баткен облусунда 54 киши коронавирустан айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 71 миң 171 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 62 миң 544 киши айыгып чыкса, 1 миң 251 адам каза болду.