• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Былтыркы шайлоого катышкан партиялардын 5 млн сомдук күрөөсү кайтарылып берилет

29 Теке 2021 14:26 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда жыйынтыгы жокко чыгарылган соңку парламенттик шайлоого катышкан саясий партияларга 5 миллион сомдук шайлоо күрөөсү кайтарылып берилмей болду. Бул тууралуу 29-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов билдирди.

«Конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизилгендиктен БШК кечээ күнкү отурумунда шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү чечимин чыгарды. Азыр каражат БШКнын депозиттик эсебинде турат. Акча саясий партиялардын эсебине которулуп берилет», — деди ал.

Эске салсак, 2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, ага 16 партия катышкан: «Биримдик», «Мекенчил», «Ыйман Нуру», «Мекеним Кыргызстан», «Реформа», «Ата Мекен», «Замандаш», «Бүтүн Кыргызстан», «Социал-Демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Ооган жана башка согуштардын ардагерлери» саясий партиясы, «Ордо», «Бир Бол», «Республика», «Кыргызстан» жана «Чоң Казат».

«Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары жети пайыздык босогодон ашып, жеңишке жетишкени жарыяланган. Бирок 5-октябрда 12 саясий партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялап, жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Ала-Тоо аянтында митинг өтүп, натыйжада шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, өлкөдө бийлик алмашкан.

Количество просмотров: 47