• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

5500 сом айып кантип эсептелгени жөнүндө түшүндүрмө берилди

23 Үчтүн айы 2019 12:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.01.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңеш 1-январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстер менен мыйзамдар боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат.

Эл өкүлү Үмбөталы Кадыралиев 5,5 миң айып кантип, эмненин негизинде эсептелгенине кызыкты.

-Айып пулдар боюнча коомчулук кыжырданып жатат. 5,5 миң сом кайдан алынды? Жашоо деңгээлин, айлык акыны баары билет. Мында эч кандай логика жок болуп жатат?

Депутаттын бул суроосуна эксперттик топтун мүчөсү Тахмина Шералиева жооп берип, эсептик көрсөткүч 100 сом бойдон калганын, бирок айып пулдар категорияга карап бөлүнө турганын билдирди.

— Ар бир кодексте айып пулдардын, жазанын градациясы бар, ал боюнча эсептесе болот. Айып пул жоруктардын түрүнө карап көтөрүлүп кете берет. Жоруктар эң аз айып пул менен белгиленген, ошондуктан логика бар. Мурда деле айып пулду иштеп чыкканда эч качан маянага байлаган эмес.

Теги:
Количество просмотров: 35