• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

5 күн, 5 түн! Дөөлөт Сыдыков «Манас» айтып бүттү

6 Аяк оона 202116:12 Бишкек Govori.TV

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө арнап, Москва шаарында «Манас» айтып бүттү. Ал «Манасты» 5 күн, 5 түн айтып, бул аркылуу ал Гиннестер китебинде жаңы рекордду жаратууну пландаган.

31-августта айтып баштаган манасчы кыска убакыттагы тыныгуулардан тышкары 111 саат «Манас» айтты.

Сыдыков 29-августта Москва шаарына учуп кеткен. Иш-чарага Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жана Кыргыз диаспора кеңеши колдоо көрсөттү.

Эске салсак, Сыдыков былтыр ноябрь айында «Ала-Тоо» аянтында ордунан жылбай 14 саат 27 мүнөт тынбай «Манас» айткан.

Количество просмотров: 1808