• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Манас» театрынын директору: Исаковдун видеосун ким чыгарганын коомчулук жакшы билет

6 Тогуздун айы 2022 15:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-октябрда Түркиянын Бурса шаарында өтүп жаткан 7 күндүк «Манас» жумалыгында 124 саат манас айтып, Гиннесс рекорддор китебине катталган Рысбай Исаков маалымат жыйын курду.

Анда журналисттер тарабынан «үзүндү видеолор ким тарабынан жана кандай максатта элге тарап кетти?» деген суроо узатылды.

«Манас» театрынын директору жана долбоордун жетекчиси Азиз Биймырза уулу төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Ким биринчи маалымат чыгарганын коомчулук өзү жакшы билет. Ысымын атоонун деле кажети жок деп ойлойм. Билебиз, бизди дагы жактырбаган адамдар бар. Баарына жага бергидей акча эмеспиз. Башка бирөөлөр болсо биз атын атайт элек. Бул маселеге келгенде биринчи ким чыгарды? Чыгарган киши кандай мөөрөй тапты? Ага токтолгум дагы келбейт»,-деди Азиз Биймырза уулу. 

Үстүбүздөгү жылы 27-сентябрда соцтүйүндө манасчы Рысбай Исаковдун манас айтып жаткан видеосу тарап, талкуу жараткан.

Количество просмотров: 1878