• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына даярдыктар башталды

3 Тогуздун айы 202415:54 Бишкек Govori.TV

Атактуу алп манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына карата даярдыктар башталды. Манасчынын 130 жылдыгын белгилөөнүн негизги бөлүгү ал туулуп өскөн Ак-Өлөң айылында 19-октябрда өткөрүлмөкчү.

Даярдыктардын алкагында улуттук салт-салттарды жана манасчынын мурасын чагылдырган бир катар иш-чаралар планга киргизилген.

Алдын ала маалыматтарга таянсак, илимий конференция, манасчылардын манас айтышы, ат чабыш оюндарынын болушу белгиленүүдө.

Количество просмотров: 196