5-мартта Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан жаап, карга өтөт, тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү пайда болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;
Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз 7…12;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10;
Нарында түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 12…14 градус болот.