• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

5-сентябрда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

4 Аяк оона 2019 18:16 Бишкек Govori.TV

5-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Таласта түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23;

Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25 градус болот.

5-сентябрда Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 25…27° болот.

Количество просмотров: 77