Лейлек районунун Арка-2 айылында 50 жаштагы аял өзүнүн жолдошун балталап өлтүрдү. Бул тууралуу маалыматты Баткен ОИИБден кабарлаганын Turmush
сайты жазып чыкты.
Маалыматтарга караганда, аял 25-ноябрь күнү өзүнүн 1967-жылы туулган жолдошу менен бирге спирттик ичимдиктерди ичишкен. Ортолорунда кайым айтышуу жаралып, ал эт чапкан балтаны ала калып, күйөөсүн башка бир нече жолу чапкан. Жолдошу алган жаракаттарынан улам ошол жерде мерт болгон.
Учурда аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (өлтүрүү) боюнча кылмыш иш козголуп, аял камакка алынды.