• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Үй камагындагы депутат Зарылбек Рысалиев президентти коштоп кеткени чуу жаратты

11 Бештин айы 2019 18:52 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков, 11-декабрда, Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары Мухаммед бин Заед Аль Нахаянын чакыруусу боюнча расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти.

Кыргызстандын делегациясынын курамында үй камагындагы депутат Зарылбек Рысалиевда бар. Бул тууралуу Govori.TV. жазып чыккан

Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз чыгарылышы боюнча козголгон кылмыш ишинде фигурант болчу. Ал август айында үй камагында калтырылган.

Кылмыш кодексине ылайык, үй камагы айыпталуучунун эркин жүрүшүнө чек коёт. Ал адамга кайсы бир жарандар менен кабар алышууга, күнү-түнү же күндүн анык учурунда турак жайынан жана соттун уруксаты жок административдик аймактын чегинен чыгууга тыюу салынат.

Зарылбек Рысалиев өлкөдөн чыгуу үчүн уруксат алганы же албаганы белгисиз. ИИМ бул маалыматты кийин тактап берүүнү убада кылды.

Эскерте кетсек, 7-июнда Жазаларды аткаруу кызматынын мурдагы башчысы, учурда Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу суракка алынып жаткан учурда ооруканага түшкөн. Ооруканада 6 ай жатып, жакында эле парламентке келген. Бирок, депутат үй камагында, журналистер менен сүйлөшкөндө, ооруп жатам, жакшы сүйлөй албай жатам деген эле.

Количество просмотров: 185