• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чуу менен кызматтан айдалган милиция жетекчилери кайрадан, кантип ээрге отургузулган?

3 Чын куран 2023 17:21 Бишкек Govori.TV

Кыргыз милициясынын жүзү жана абийири тууралуу кадрдык саясатынан билсе болот. Эмне үчүн учурунда жумуштан айдалган жетекчилер майлуу сүттү кызматка кайрадан дайындалып жатат? Бул тууралуу биздин материалда.

2018-жылы ала качуунун курмандыгы болуп, милиция бөлүмүндө киши колдуу каза болгон 20 жаштагы Бурулайдын ишинде “шашалаакылык кылган”, — делип кызматынан алынган Чүй облустук ички иштер бөлүмүнүн орун басары Марлис Асанов кызматтан алынган. Бүгүнкү күндө ал кайрадан жетекчилик кызматта отурат. Мындан көп өтпөй, ушундай эле окуя менен зөөкүрдүн колунан Айзада аттуу кыз дагы курман болгон. Анын ишине байланыштуу, ошол кездеги Бишкек шаардык ИИББнин криминалдык милиция кызматынын башчысы Улан Айтбаевге сөгүш жарыяланып, кызматынан алынган. Бирок, жогоруда аты аталган милициянын эки кызматкери кайрадан чоң кызматтарда иштеп жатышат. “Govori.TV” агенттиги, Улан Айтбаев менен Марлис Асанов учурунда кандай кызматтык ката кетиргенин жана кайсыл негизде кайрадан жетекчилик кызматка келип калгандыгын анализдеп берет.

Бурулайдын өлүмү… Марлис Асанов…

2018-жылдын 27-майында медициналык окуу жайдын 20 жаштагы студенти Бурулай Турдалы кызын Марс Бөдөшев аттуу жаран Бишкектен Таласка ала качкан. Бирок, алар Сосновка айылындагы посттон өткөндөн кийин кармалып, Жайыл РИИБне жеткирилген. Ал милициянын имараттынын ичинен Бурулай Турдалы кызы да, Марс Бөдөшев да бычактан жаракат алган. Жыйынтыгында Бурулай жан берсе, анын өлүмүнө шектелип Марс Бөдөшев камакка алынган.

Окуя Жайыл РИИБнин имаратында болгондуктан, атайын кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында 23 кызматкер жазаланып, анын он үчү жумуштан алынган. Алардын ичинде Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башкы башкармалыгынын орун басары Марлис Асанов дагы болгон.

Бул окуялар өлкөдө чоң резонанс жаратып, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков: “Күнөөлүү адамдардын бардыгы жазаланып, кызматтан айдалып, кылмыш жоопкерчилигине чейин тартылсын”, — деп талап кылган эле.

Ал эми, ошол 2019-жылы Ички Иштер министрлиги Марлис Асанов эч кандай жетекчилик кызматка дайындалбай тургандыгын айткан.

ИИМ 2019-ж. 2-апрель
“Марлис Асанов эч кандай жетекчилик кызматтык орунга дайындалбайт, ал түгүл Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматына дайындоо тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес”.

Министрликтин бул билдирүүсү жокко чыгарылганбы же башка себептер барбы, айтор, Марлис Асанов 2019-жылы кайрадан ички иштер министирлигине кызматка алынат.

ИИМ басма-сөз кызматы:
“Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен 2018-жылы Жайыл РИИБдеги окуяларга Бурулайдын өлүмүнө байланыштуу “ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотуу” түрүндөгү тартиптик жаза менен бошотулган. Андан соң ал кадрлардын карамагында жүргөн. 2019-жылдын май айынан баштап 2021-жылдын март айына чейин милициянын полковниги Марлис Асанов ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчилик курамдагы эмес кызмат орунга дайындалган. 2021-жылдын жазында милициянын полковниги Марлис Асанов ошол мезгилде бош болгон, Талас ОИИБдин начальнигинин кызмат ордун ээлөө боюнча конкурска катышууга билдирме менен кайрылган. 2021-жылдын март айында милициянын полковниги конкурсту ийгиликтүү өтүп, Талас ОИИБдин начальнигинин кызмат ордуна дайындалган. Азыркы мезгилде 2023-жылдын январынан тартып Ош ШИИБдин начальниги кызматында кызматын улантууда”.

Марлис Асанов өкүл атасы аркылуу кызматка дайындалганбы?

Асанов кайрадан кантип жетекчи болуп калды? Бул тууралуу ИИМ жооп берген жок. Бирок ЖМКлар тараткан маалыматка таянсак, Марлис Асанов Атамбаевдин убагында кыргыз милициясын көмүскө калкалап турган Данияр Абдыкаровдун өкүл баласы болот. Маалыматка ылайык, Асанов, Данияр Абдыкаровдун өкүл баласы болгонума сыймыктанам жана мен аны эч убакта сатпайм”, — деп ачык эле айтып жүргөн.
Мыйзам — эмне дейт?
Бул жагдай канчалык мыйзамдуу? Укук коргоо органдарындагы кызматтык тартиби боюнча 102-мыйзамдын 35-беренесинин 1-пунктунда мындай деп жазылып турат.
графикага: КР Укук коргоо органдарындагы кызматтык тартиби боюнча 102-мыйзамдын 35-беренесинин 1-пункту

  1. Укук коргоо органынын жетекчилиги жана тикелей жетекчи кол алдындагылардын арасындагы кызматтык тартиптин абалы үчүн жоопкерчилик тартат. (окутуш керек)
    Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев, кызматтык тартипти эске алганда жетекчи болчу адистин артында үлгүлүү иши көп болуп, бедели жогору болушу керектигин билдирет.
    “Негизи жетекчи болчу кызматкердин артында үлгүлүү иши болуп, кызматтык репутациясы да жогору болушу керек. Ошондо, анын кызматтык тажрыйбасына карап конкурстук негизде тандалып алынат”, — дейт Нурбек Абдиев.

Айзада менен Бурулайдын өлүмү… Окшош тагдырлар…
Укук коргоо органдарындагы айрым жетекчилер кетирген ката муну менен эле токтоп калган жок. Бурулайдыкына окшогон тагдыр, 2021-жылы дагы кайталанган. Анда 27 жаштагы Айзада Канатбекова аттуу кызды, Бишкектин көчөсүнөн белгисиз үч адам күчтөп унаага салып кеткени тууралуу маалымат милицияга түшкөн. Бирок, кыз табылбай жыйынтыгында зөөкүрдүн колунан каза тапкан. Коомчулук бул окуяга милиция кызматкерлери кош көңүл мамиле жасап, шалаакылык кылып коюшканын басым жасаган.
Улан Айтбаев Айзаданы издебей койгонбу?
Окуяны эске салсак, издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, маркумдун туугандары ЖМКларга кайрылгандан кийин гана укук коргоо органдары чара көрө баштаган. Айзаданын жактоочусу Нурбек Токтакунов, ала-качуу адам уурдоо болуп, кылмыштын оор түрүнө кирээрин, ага карабай милиция кызматкерлери бул жагдайды салт катары кабыл алып, “Айзаданын жакындарына куда келет”, — деп кызды издебей коюшканын айтат.

“6-апрель күнү Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги Матмусаев бул иш боюнча тергөө-оперативдик топту түзүү жөнүндө буйрук чыгарат. Ал буйруктун 3-пунктунда ГУВДнын криминалдык милиция кызматынын начальниги Улан Айтбаевге буйруктагы оперативдик-розыскалык иш чараларды удагында аткарууга жана оперативдик коштоого жеке жоопкерчилик жүктөлгөн. Кийин ал, ИИМдин текшерүүсүнөн кийин катуу сөгүш алган. Эгерде ал сөгүш жоюлган болсо, мыйзам тараптан кызматка келишине чек жок. Моралдык жактан ал кызматка укугу барбы же жокпу өзүнүн абийиририне коелу”, — дейт Нурбек Токтакунов.

Бул ишке байланыштуу, ШИИБнын криминалдык милиция кызматынын начальниги Улан Айтбаевге катуу сөгүш жарыяланып, кызматынан алынган. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова каргашалуу окуянын болушуна кайдыгер караган жетекчини административдик эле эмес, кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек болчу деп эсептейт.

“Айзаданын өлүмү боюнча, эгерде жетекчи катары өзүнүн милдетин так аткарбаса, бул жерде шалаакылык боюнча дагы өзүнүн ишин так аткарбаганы боюнча дагы кылмыштын курамына дагы баа бериш керек эле да”, — дейт Атыр Абдрахматова.

Бирок, Айзаданын өлүмүнөн алты ай өткөндөн кийин, Улан Айтбаев кайрадан жетекчи кызматка дайындалды.

“Тартип жазасына тартылгандан кийин, тартип жазанын өтөө мөөнөтү алты ай же бир жыл. Бул жерде жетекчи болуп турган кызматкер кылмыш кылган жок да. Тартип жазасын алды. Тартип жазасын мөөнөтү бүткөндөн кийин анын башка кызматка барганга укугу бар”.

Укук коргоо органдары мыйзамдарды өздөрүнүн пайдасына ыңгайлаштырып жазып алганын баса белгилеген, акыйкатчы Атыр Абдрахматова ага өзгөртүү киргизүү керектигин айтат.

“Жетекчи кандайдыр бир ишке аралашып кызматынан кетсе, кайрадан милиция кызматына кайталбайт деген талапты киргизишибиз керек. Тилекке каршы биз киргизген жокпуз. Биз азыр балким, чынында эле ушул суроону жакшылап иликтеп туруп, Жогорку Кеңешке сунуш киргизип, мыйзамды өзгөртөлү. Азыр биздин балдарга, аялдарга карата зордук-зомбулук иштери боюнча аралашкандар, эң жаманы өзү аралашып барып кызматка келип алды. Жанагындай шалаакылык менен же болбосо милдетин так аткарбаган учурда, кайрадан кызматка келе албайт деп талап коюшубуз керек”.

Жогоруда аты аталган милиция кызматкерлери Марлис Асанов менен Улан Айтбаевдерди кызматка кайтарууда моралдык жоопкерчилик унутта калды. Ал эми өздөрүнөн комментарий алууга бир нече жолу аракет кылдык. Бирок, андан майнап чыккан жок.

Жогорудагы келтирилген фактылардан улам укук коргоо аргандары мыйзамдарды өздөрүнө ыңгайлаштырып жаздырып алганыны аргасыз ынансаң болчудай. Эгерде мындай окуяларга тиешеси бар укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлерге катуу чара көрүлбөсө, мындай окуялар кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албашы анык. ИИМдин кадрдык саясаты да чоң суроо жаратат.

Количество просмотров: 1229