• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

6:1. Айпери Медет кызы алгачкы беттешин утту

1 Баш оона 2021 9:03 Бишкек Govori.TV

76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы казакстандык Элмира Сыздыкова менен күрөшүп, 6:1 эсебинде жеңишке жетти.

Муну менен кыргыз балбан кызы Олимпиаданын чейрек финалына чыкты. Кийинки этапта Медет кызы орусиялык Наталья Воробьева менен кез келет.

Кошумчалай кетсек, 22 жаштагы Айпери Медет кызы жаштар арасындагы дүйнө чемпиону жана эки коло байгенин ээси. 2020-жылы Азия чемпиону аталган.

Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. 

Количество просмотров: 1281