Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, 6 киши жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 12-октябрь күнү саат 13:48 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 310-чакырымында болгон. Анда Honda Odyssey жана Toyota 4Runner үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
«Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, 6 адам жабыркаган. Жерине ӨКМдан 5 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандарды унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти»,-деп айтылат маалыматта.
Ал эми жабыркаган жарандар Токтогул райондук аймактык ооруканасына жеткирилген.