• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

6-апрелде күтүлгөн аба ырайы

5 Чын куран 202519:34 Бишкек Govori.TV

6-апрелде түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар, Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…+5, күндүз 12…17;

Нарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 14…19;

Бишкек шаарында абанын түнкү төмөнкү температурасы 8…10°, күндүзгү жогорку температурасы 22…24° жылуу болушу күтүлөт.

Количество просмотров: 303