• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

6-апрелде велосезондун ачылышы өтөт

4 Чын куран 202517:51 Бишкек Govori.TV

6-апрелде Бишкек шаарында велосезондун ачылышы өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, веложүрүш саат 10:00дө Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында башталат. Каттоо ошол жерде саат 09:00дөн 10:00гө чейин жүргүзүлөт. Жүрүштүн жалпы узундугу 5,5 км түзөт.

Финиш “Газпром-балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде болот. Анда спорт сүйүүчүлөрү үчүн кызыктуу оюн-зоок программалары уюштурулат.

Веложүрүш өтүүчү маршрут – Абсамат Масалиев проспектисинин Байтик баатыр көчөсүнөн Чортеков көчөсүнө чейинки түндүк тарабы убактылуу унаа кыймылы үчүн жабылат.

Количество просмотров: 210