• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

№6 автобустун кыймылы өзгөрдү

21 Бештин айы 202316:12 Бишкек Govori.TV

Бишкекте №6 автобустун кыймылы өзгөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми автобус Ак-Ордо конушунан Көк-Жар кичи районуна, андан ары Рухий-Мурас жаңы конушун көздөй барат.

Белгилей кетсек, чечим шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында жана Ак-Ордо конушунун тургундарынын бир нече жолу кайрылуусунан улам ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынды.

Буга чейин аталган каттам Гагарин көчөсүнөн Рухий-Мурас жаңы конушуна чейин каттап келген.

Количество просмотров: 243