• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер Турускулов: «Жашоодогу принцибим, урааным — жашаганың эмес, жасаганың калат»

17 Аяк оона 2020 14:39 Бишкек Govori.TV

10 жыл «Республика» партиясы менен чогуу жүрүп, 5 жыл Жогорку Кеӊеште депутат болгон Жыргалбек Турускулов «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкерлигин койду. Мындай кадамы, чечими тууралуу эл арасында ар кандай сөз тарап талкууга алынды. Алгач аймактардагы элдин маанайын сурадык.

— Ачык айтышыбыз керек, элдин пикири ар башка болуп жатат. Бирок, жалпысынан алганда, жаман эмес, элдин маанайы жакшы. Элге биздин партиянын программасы жагып жатат. Биздин командага өз ишин мыкты билген, ар тармактуу кесипкөй кыргыздын уул-кыздары бириккендиктен улам, калктын бизге болгон ишеним өтө чоӊ. Биз аны актоого күчүбүз дагы, акылыбыз дагы жетет. 4-октябрь күнү, элибиз шайлоого активдүү катышып, №4 “Мекеним Кыргызстан” партиясына өз добуштарын беришет. Ар бир жаран акыл калчап, адашпай, туура тандоо кылаарына ишенем!

— Кандай суроо-талаптар болууда?

— Суроо-талап көп. Аны уктук, аткарабыз. «Бул партия менен эмнеге чогуу баратасыз?» деген суроону көп адамдар, жолугушуудагы шайлоочулар дагы беришти. Бул партияга чыныгы кесипкөй инсандар бир командага чогулгандыгы көңүлүмө төп келди. Биздин мамлекетибиз парламентаризм багынтында жаш, Европа, Америка же башка мамлекеттердин парламенттик өнүгүү жолун карасак, жүз жылдап бүгүнкү күнгө келишкен. Аларда дагы биздикиндей учурлар болгон. Бул саясий процесс. Ошондуктан бири-бирибизге ийгилик каалап, жакшы ниет коюп, таза ой менен саясий процесстерди туура кабыл алсак гана өнүгүү жолуна түшөбүз.

— 10 жыл “Республика” партиясында жүрүп, башка партияга өтүп кеткениӊизди кандай түшүнсөк болот? Сурайын дегеним, чечим кабыл алуу оӊойго турбаса керек?

— Партия өзгөрсө адамдын көз карашы, кылган иштери дагы өзгөрүп кетмек беле? Жашоодогу принцибим да, урааным да — жашаганың эмес, жасаганың калат. «Республика» партиясында жасаган иштерим калды да. Албетте, чечим кабыл алуу оңой болгон жок. Анткени 10 жыл партияга баардык күч-аракетимди жумшап кызмат кылдым.

— «Республикачылар» таарынган жокпу?

— Шайлоонун алдында жакшы билесиздер, партиялардын съезди өтөт. Ошол иш-чаралардын алдында “Республика” партиясынын негиздөөчүсү (Өмүрбек Бабанов жөнүндө сөз болууда — авт.) менен ачык сүйлөшкөнбүз. Аягында бири-бирибизге ийгилик каалап кайттык. Мамилебиз түз боюнча калды. Менимче таарынычтар жок.

— Сиз жогоруда «Республикага» кылган ишим калат» дедиӊиз. 5 жыл депутат болуп турганда кандай иштерди кылдыӊыз? Кандай мыйзам жаздыӊыз дегендей…

-Туура айтасыз, депутаттын иши мыйзам чыгаруу, мыйзамды демилгелеп чыгуу жана алардын аткарылыш механизмдерин жөнгө салуу. Мындан тышкары, Өкмөттүн ишин көзөмөлгө алып, эл менен Өкмөттүн ортосунда көпүрө болуу функциябыз бар. 5 жыл ичинде коомубуздун жашоо-шарттарын жеңилдетүүгө багытталган 8 мыйзам долбооруна демилгечи болдум, алардан тышкары 32 мыйзам долбооруна башка эл өкүлдөрү менен бирге демилгечи катары иш алып бардым. Ал эми биздин фракция өз программасында көрсөткөн 15 мыйзамдын 13нө Президентибиз тарабынан кол коюлуп, бүгүнкү күндө элибиздин жашоо-шартында колдонулуп жатат. Жалпы жонунан алганда, жеке мага 1035 кат келип түшкөн жана алар тиешелүү жактарга аткарууга жиберилген. Өкмөт менен элдин ортосунда көпүрө болууну сөз кылып кетпедимби, ошого ылайык, Өкмөт тарабынан райондордо чечилбей келген маселелерди чечкенге колумдан келишинче аракет жасап келдим. Жеке атуул-жаран катары өзүмдүн кичи мекениме Жогорку Кеңешке келгенге чейин деле, бүгүнкү күндө деле жардам берип келем жана кандай болбосун жардам көрсөтө берем.

— Өткөн чакты кеп кылдык. Эми учур чактан кеп кылсак. Кандай платформа менен бара жатасыз?

— Жалпы партиянын платформасын билсеңиздер керек. Биздин партия депутаттардын санын кыскартуу демилгесин көтөрүп чыкты. Мындан тышкары, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрдү жоюуга болгон аймактык реформаларды, бири-бирин кайталаган мекемелерди кыскартуу жана оптимизациялоо демилгелерди приоритетке алып жатабыз. Мамлекетибизде жаралган орчундуу көйгөйлөрүбүздү чечүүгө болгон реалдуу сунуштар дагы көп. Ошолорду ишке ашырууга болгон аракетимди жумшап, өз салымымды кошом. Шайланып чыга турчу аймагыма ылайыкташылган дагы жеке өзүмдүн программам бар.

— Мисалы?

— Мисалы, эң маанилүү болуп турган маселе бул — Түндүк-түштүк альтернативдик жолу. Анын курулушун, сапаттуу болушун көзөмөлгө алууну жана анын эксплуатациялык сапатына көңүл бурууну максаттарымдын сап башына коюп жатам. Буйруса, бул жол ишке берилип калса, биринчи эле менин демилгем чоң жүк ташуучу унаалардын жүгүнүн салмагын текшерүү үчүн аралыктан башкарган постторду киргизүүнү сунуштайм. Жук ташуучу унаалардын айдоочулары да түшүнөт болушу керек.

“Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Количество просмотров: 115