• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Турускулов: Насыя алып, өкмөткө доомат койгон туура эмес

21 Чын куран 2021 16:21 Бишкек Govori.TV

Насыя алып, өкмөткө доомат койгон туура эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов билдирди.

«Өткөн аптада Чүйдөгү Пригородный айылында жаман окуя болду. Анда алган насыяларын төлөй албай калган жарандар мамлекеттен жардам сурап кайрылды. Кыргызстанда статистика боюнча миллионго чукул жаран насыя алган. Акчаны алаардан мурда кайсы жака жумшашты жана төлөө жолун ойлонуш керек. Насыяны көбүн эсе жеке менчик банктардан алып жатышат. Бүгүнкү күндө жарандарыбыз алган акчасын төлөй албай калган учурлар көп болуп жатат. Өкмөт насыянын үстөк пайыздарын төмөндөтүү боюнча чараларды көрүшү керек»,-деди эл өкүлү.

Эске салсак, 15-апрель күнү Пригородный айыл өкмөтүнүн имаратына насыянын айынан үйлөрүнөн ажырап калуу кооптуулугуна кабылган 10дой аял имаратка кирип алып, бензин толтурулган бөтөлкөлөрү менен өздөрүн өрттөй турганын айтышкан.

Окуя болгон жерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү, вице-премьер Улукбек Кармышаков келген. Андан соң аялдардын жарымы вице-премьер менен Бишкекке чыгып, премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугушкан.

Количество просмотров: 135