• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

6 медкызматкерден вирус аныкталды

24 Аяк оона 202011:05 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте 1, Ош шаарында 3, Ош облусунда 1 медкызматкер илдет жуктурду. Ошол эле учурда бир суткада 5 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 214 учур катталды, алардын ичинен 2 896 медкызматкер айыгып чыкты.

Количество просмотров: 116