• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

6-октябрдан тарта 1-6-класстын окуучулары салттуу түрдө мектептерде окуй баштайт

30 Аяк оона 2020 22:33 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 6-октябрынан тарта 1-6-класстын окуучулары жалпы билим берүү мекемелеринде салттуу түрдө окуй баштайт. Мындай чечим Республикалык ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды. 

Белгилүү болгондой, 2020-2021-окуу жылында 1-6-класстын окуучулары үчүн билим берүү процессин реалдуу режимде жандандырууда санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо боюнча иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыкты. 

Ага ылайык, окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугун медицина кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп, мугалимдердин дене табы өлчөнүп турууга жана беткап режимин сактоого тийиш. Окуучулар окуу процессинде аралыкты сактоо менен отургузулат. Алар колдорун бат-бат жууп турушу үчүн тиешелүү каражаттар менен камсыз кылынат. 

Ошондой эле кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу, аларда илдеттин белгилеринин бар же жогу боюнча анкета толтуруп турушун уюштуруу шарт. 

Ал эми мектеп балдар келгенге чейин дезинфекцияланууга тийиш. Бирок бул иш-чарада пайдаланыла турган каражаттардын концентрациясы белгиленген өлчөмдө гана колдонулат. Ошондой эле билим берүү жайларынын желдетүү тутумунун иштөөсүн жана класстык бөлмөлөрдө тыныгуу учурунда абанын алмашуусун камсыз кылуу боюнча иштер уюштурулмакчы. 

Муну менен катар мектептерде ар кандай иш-чаларды өткөрүүгө жана ата-энелер менен башка уюмдардын өкүлдөрүнүн имаратка кирүүсүнө уруксат жок.  Окуучулар, ата-энелер жана кызматкерлер арасында өздүк гигиенаны сактоо жана жеке коргонуу каражаттарын колдонуунун зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. 

Эгерде мектепте окуучулардын саны 200гө чейин болсо, план боюнча бекитилген жүгүртмөгө(расписание) ылайык кадимки режимде окуу процесси уюштурулат. Ал эми балдардын саны 350гө чейин болсо, ийкемдүү расписание боюнча (мисалы: сабактардын башталышы жана тыныгуулар ар кандай убакытта, мисалы, 1-2-класстарда сабактын башталышы 8.00дө, 3-4-класстарда 8.30.да ж.б.), 500гѳ чейин болсо, кезектешүү (сменалык) негизде (мисалы, 1,2,3- класстар – 1-кезметте 4,5,6-класстар 2-кезметте окушат. Ашканада тамактануу процесси да сменалар боюнча) уюштурулат.

Количество просмотров: 271