• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

6 жаштагы бала мылтык менен ойноп жатып бөбөгүн атып алган

18 Үчтүн айы 202418:10 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда 6 жаштагы бала тир мылтыгы менен ойноп жатып байкабастан 5 жаштагы бөбөгүн атып алган. Маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Окуя 17-январда болгон. Милицияга облустук балдар хирургия бөлүмүнөн Жалал-Абад шаарынын четиндеги Тайгараев айыл аймагында жашаган Ф. А. аттуу 5 жашар кызды таякесинин баласы тир менен байкабай атып алганы тууралуу маалымат түшкөн.

«Ал Жалал-Абад облустук ооруканасынын балдар хирургиясы бөлүмүнө жаткырылган», — деп жазылат маалыматта.

Учурда териштирүү иштери уланып жатканы кошумчаланды.

Количество просмотров: 920