• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сузакта кордолгон аял күйөөсүн кечирип, тосмо арыз жазды

15 Кулжа 2020 10:23 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда зомбулук көргөн аял жолдошун кечирип, милицияга тосмо арыз жазды. Бул тууралуу Govori.TVга Жалал-Абад облустук милициянын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-июнь күнү 1969-жылы туулган Сузак районунун тургунунун Сузак райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 15 күндүк мөөнөткө камоо чарасы тандалган. Белгилей кетүүчү жагдай жабырлануучу күйөөсүн кечиргендигин билдирип тосмо арыз жазган.

«Бул окуя 2020-жылдын 8-июнь күнү Сузак районундагы айылдардын биринде орун алган. Сузак районунун 1969-ж.т. тургуну Б.З. үйүндө 1973-ж.т. М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачкан. Факты Сузак РИИБдин КЖБРне КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси Үй-бүлөдөгү зомбулук жана КРнын Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) болуп катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Күйөөсү Сузак районунун 1969-ж.т. тургуну Б.З. 11-июнда Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми 2020-жылдын 13-июнь күнү баш коргоо чарасы каралып, Сузак райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 15 күндүк мөөнөткө камоо чарасы тандалган. Жабырлануучу күйөөсүн кечиргендигин билдирип тосмо арыз жазган»,-деди Жээнтаев.

Аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап кыйнаган кишинин окуясы коомчулукта катуу сынга кабылып, Интернет колдонуучулар камакка алынган адамдын катуу жазаланышын талап кылышууда. Өкмөт Сузак районунда катталган үй-бүлөлүк зомбулук фактысын өз көзөмөлүнө алганы белгилүү болду.

Количество просмотров: 425