• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Таласта 6 жаштагы бала сууга чөгүп кетти 

27 Чын куран 2020 10:33 Бишкек Govori.TV

Таластын Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында суудан алты жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында болгон. Бала Талас дарыясына түшүп кеткен. Куткаруучулар кырсык болгон жерге барганга чейин жергиликтүү тургундар анын сөөгүн суудан алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришкен.

«Издөө иштерине тартылган куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар баланы сөөгүн суудан чыгарышып, тууугандарына өткөрүп беришкен»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 89