31 жаштагы жаран (аял) Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө кайрылып, аны зордуктоого аракет жасаган кишиге карата чара көрүүнү суранган. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Арыз менен кайрылган жабырлануучунун маалыматы боюнча, окуя 28-март күнү болжол менен саат 19:00 чамасында Ысык-Ата районунун Токтогул айылында болгон. «Н» аттуу жаран унаасынын ичинде аны зордуктоого аракет жасаган. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан шектүүнүн өздүгү аныкталды. 33 жаштагы Б.Н. аттуу жаран кармалып, Ысык-Ата РИИБге жеткирилген.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучу аял кылмыш ишин токтотуу боюнча тосмо арыз жазган. Буга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш иши токтотулган.
Булак: АКИпресс.