• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

6 жылга соттолгон активист Аспеков абактан бошотулганы айтылды

30 Бугу 2023 11:05 Бишкек Govori.TV

Алты жылга соттолгон активист Мелис Аспеков абактан бошотулганы белгилүү болду. Бул тууралуу айрым ЖМКлар жазды.

Маалыматарга ылайык, Аспеков президенттин ырайымы менен чыккан экен.

Бирок, ЖАМКтан тастыктоочу маалымат алууга мүмкүн боло элек.

Эске салсак, 2022-жылы 23-мартта Биринчи Май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап, “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча алты, “Алдамчылык” боюнча да алты жыл чегерип, жалпылап жыйынтыктаганда жалпы режимдеги колонияга жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн жарыялаган.

Ошол жылдын июль айында Бишкек шаардык сот өкүмдү өзгөрткөн. Анда райондук соттун өкүмүндөгү Аспековдун Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакция) “Алдамчылык” беренеси менен күнөөлүү деп таап, бирок жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чарасы берилген эмес.

Шаардык сот Аспековдун алты жылдык абак жазасы каралган “Опузалап талап кылуу” айыбын күчүндө калтырган.

2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон Аспеков 2021-жылдын январында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен “250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалган.

Количество просмотров: 88