• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте троллейбустарды калтырууну талап кылган активист милицияга жеткирилди

29 Баш оона 202415:39 Бишкек Govori.TV

Активист жана «Бишкек СМОГ» демилгесинин негиздөөчүсү Бермет Бөрүбаева милицияга жеткирилди. Бул тууралуу 24.kg жазды.

Бермет Бөрүбаева Октябрь райондук администрациясынын имаратында троллейбустарды борбордо калтыруу керек деп кыйкырып жатканы үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген. Окуя Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары троллейбустарды Ошко өткөрүү боюнча добуш бергенден кийин болгон.

Буга чейин активист шаар үчүн троллейбустарды сатып алууга алынган ири насыя кайтарылбай калганын, эгер алар Ошко берилсе, бишкектиктер карызды төлөй берерин билдирген.

Эскерте кетсек, Бишкек шааркеңешинин депутаттарынын жыйыны Октябрь райондук администрациясынын имаратында өтүп, анда 100 троллейбусту Ошко өткөрүү чечими кабыл алынган.

Количество просмотров: 176