Ал эми бир сутка ичинде 68 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
“Бишкекте коронавирус – 19 адамдан, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда – 24, Нарын облусунда – 5, Жалал — Абад облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда – 8, Талас облусунда — 3 Баткен облусунда — 2 киши коронавирустан айыгып чыкты”, — деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 91 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 6 киши айыгып чыкса, 1 миң 463 адам каза болду.