• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

7:1! Мээрим Жуманазарова жарым финалга чыкты

6 Тогуздун айы 2021 16:15 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Ал аттандашын 7:1 эсебинде жеңип алды.

Жуманазарова өзүнүн салмагында (68 кг) мелдештин тандоо турунан баштап катышууда. Ал алгач кореялык Минжи Ха менен күрөшүп, анын далысын жерге тийгизүү менен таза жеңишти камсыздады.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер арасынды) алтын, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло медаль багындырды.

Количество просмотров: 643