• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Матраимовдон алынган 8 батирде УКМКнын кызматкерлери жашайт

24 Бештин айы 2020 13:39 Бишкек Govori.TV

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдон алынган сегиз батир УКМК кызматкерлерине берилет. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүнкү маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, Матраимов 1,4 миллиард сомду накталай, калган 600 миллион сомуна кыймылсыз мүлктөрүн өткөрүп берген. Анын ичинде бир соода борбору, тогуз батир бар.

«Соода борборун мамлекетке өткөрүп, андан түшкөн кирешени бюджетке которобуз. Ал эми сегиз батирди УКМКнын кызматкерлерине калтырабыз. Бир турак жайынын аянты чоң, менимче, 280 чарчы метр болсо керек. Анда биздин кызматкерлер жашай албайт, аны бала бакчага же социалдык мекемелерге беребиз. Эки-үч күндүн ичинде өкмөттүн токтому менен аталган мүлктөр бөлүштүрүлөт», — деди Ташиев.

Бул арада социалдык тармактын колдонуучулары мүлктөр мыйзамдуу жол менен конфискацияланышы керектигин жазып чыгышты.

Количество просмотров: 131