• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК: Матраимовдун Баку шаарында экендиги аныкталды

23 Жалган куран 202416:08 Бишкек Govori.TV

Издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов Азербайжандын борбору Баку шаарында экендиги аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын маалыматы боюнча аны кармоо тууралуу азербайжан тарапка кат жөнөтүлгөн.

«Учурда азербайжандык кесиптештер аны кармоо жана андан ары Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин иштеп чыгууда. Ошол эле учурда ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Райымбек Матраимовдун Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып жаткан Азербайжандан келген трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар экендиги такталды», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, КР УКМК кызматкерлери Кыргызстандын аймагынан Азербайжандан келген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн: Алиев В.М., Багиров С.А., Асгаров М.О., Бехбудов М.С., Мамедов З.И.ни кармашкан.

Количество просмотров: 223