• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Райым Матраимовдун абактан жазган каты фейк экени айтылды

10 Чын куран 2024 11:26 Бишкек Govori.TV

Райымбек Матраимов СИЗОдон жазды делген кат фейк. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Орунбеков Асхат Осмонов деген жаран өзү жазып, таратып жатат деп божомолдогон.

«Осмонов 2020-жылдан кийин бийликти сындап, жалган билдирүүлөрдү таратып, адепсиз кайрылуулары менен таанымал болчу. Кийин Америкага чыгып кеткени тууралуу маалымат чыккан. Учурда Америкадан саясий баш паанек алыш үчүн, мурдагыдай адатын карматып, жалган маалымат таратып жатат. Матраимов кат жазып таратса, Америкада жаткан Асхат Осмоновго бермек беле, адвокаты аркылуу жарыяламак. Андыктан, мындай апыртмаларга ишенбеңиздер. Бул жалган фейк маалымат», — деп жазды Орунбеков.

Ал арада Райымбек Матраимовдун иниси Мирланбек Исмаилов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына кат менен кол тамга анын тууганына эч кандай тиешеси жок экенин айтты.

Количество просмотров: 191