• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

 Матраимов камакта калды

25 Кулжа 202413:15 Бишкек Govori.TV

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү 26-августка чейин узарды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган. Айыпталуучу Матраимовго карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тергөөнүн мөөнөтүнкө, башкача айтканда, 26-августуна чейин узартылды.

Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголгон.

27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да кине коюлган. Сот аны 26-апрелге чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алган.

Количество просмотров: 196