• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

8 айлык кош бойлуу кыздын боюнан түшүргөн акушер-гинеколог кармалды

19 Аяк оона 2018 9:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек.19.09.2018.Govori.TV.
Бишкек шаарында акушер-гинеколог 8 айлык кош бойлуу кыздын боюнан түшүргөн. Бул тууралуу 18-сентябрда борбордогу маалымат жыйында Башкы прокуратуранын балдардын укугун коргоо жана социалдык тармактагы мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн прокурору Нуржан Талантбек уулу билдирди.

Мыйзамсыз бул аракетке байланыштуу ИИМ тарабынан кылмыш иш козголгон.

Мыйзам кош бойлуулуктун 22 жумасына чейин гана аборт кылууга уруксат берет. Ал эми аталган акушер-гинеколог кош бойлуулуктун 32-33 жумасында аборт жасаган.

Бул иш балдарды сатууга шектүү дарыгерлерге байланыштуу козголгон кылмыш ишке тиешелүү. Учурда акушер-гинеколог камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 93