Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде IV чейректи дистанттык негизде окутууга даярдыкты улантууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт.
2020-жылдын 8-апрелинен тартып IV чейректин сабактары:
• 1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн — “Баластан” КТРК;
• 5-11-кластын окуучулары үчүн — “Илим Билим” ЭлТР, Санат», «Пирамида», «5-каналдарынан» көрсөтүлөт.
Ушул эле видеосабактар, окуу материалдары, электрондук китептер, теледен кетчү сабактардын жадыбалы, кошумча адабияттар, тапшырмалар, мугалимдер үчүн колдонмолор, өнүктүрүүчү оюндар, тесттер ж.б. министрлик тарабынан түзүлгөн oku.edu.gov.kg порталына жүктөлөт.