• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Майдан: Матраимовдун кармалышы башкаларга кандай сабак болушу керек? (түз эфир)

27 Жалган куран 2024 15:19 Бишкек Govori.TV

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов Азербайжандын борбору Баку шаарынан кармалып, 26-мартта Бишкекке жеткирилген. УКМК маалыматты 27-мартта расмий ырастап, аны 25-мартта Азербайжандан кармаганын маалымдады. Аны менен бирге бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да алынып келди.

23-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Райымбек Матраимов Баку шаарында экени аныкталып, аны кармоо тууралуу Азербайжанга кат жөнөтүлгөнүн кабарлаган. Анын алдында УКМК трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү делген Азербайжандын беш жаранын кармаган. Атайын кызмат алар криминалга каршы күрөшүп жаткан бийликке кол салуу үчүн Кыргызстанга атайын келгенин белгилеп, аларды Райымбек Матраимов менен байланыштырган.

Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.

Бүгүн «Майдан» дебатында «Матраимовдун кармалышы башкаларга кандай сабак болушу керек?» деген темада талкуу болмокчу.

«Майдандын» катышуучулары:

  • Өмүрбек Эгембердиев — Ички иштер министринин мурдагы орун басары
  • Бакытбек Жумагулов — саясат талдоочу
  • Эмил Жороев -саясат талдоочу
  • Айбек Теңизбаев — саясат талдоочу
Количество просмотров: 715