• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Социал-демократтардын» иши сотко өттү

11 Жалган куран 202515:47 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жана партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин ишин тергеп бүтүп, Бишкектин Свердлов райондук сотуна өткөрүп берди.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматында, соттук отурум 13-мартка белгиленди. Социал-демократтарга да КР Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

15-ноябрда Свердлов райондук соту Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксеверди СИЗО-1ге камаган. Камакка алынгандар добуштарды сатып алган деп айыпталууда.
Андан кийин дээрлик укук коргоо кызматкерлери кармаган биринчи күнү эле Султанбеков ачкачылык жарыялап, аны 100 күн кармагандан кийин ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу акцияны токтоткон.

СИЗОдо отурган Социал-демократтар партиясынын лидери алардын иши Европарламенттин Адам укуктары боюнча комитетинин делегациясы келерден бир күн мурун «жашыруун» деп табылганын билдирди.

Количество просмотров: 210