• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

8-класстын окуучусу классташтарын аткан. Бирөө каза болуп, төрт окуучу жараат алды

7 Бештин айы 2023 16:36 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Брянск шаарындагы №5 гимназиясынын сегизинчи классынын окуучусу классташтарын көздөй туш келди ок атканда бир кыздын өмүрү кыйылып, төрт окуучу жараат алды.

Жергиликтүү милиция билдиргендей, жабыркагандардын биринин абалы оор. Окуядан кийин кылмышка шектүү өз жанын кыйганы маалым болду.

ТАСС маалымат агенттиги жазгандай, 14 жаштагы окуучу кыз атасынан куралы менен мектепке барып, туш келди аткылаган. Анын себеби белгисиз. Телеграм-каналдар кылмышка барган кыз бир топ убакыттан бери классташтарынын басмырлоосуна кабылып келгенин кабарлашты.

Полиция кыздын атасы кармалып, суракка алынганын билдирди.

Количество просмотров: 5688