• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

8 партия шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылды

20 Чын куран 2021 15:26 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 8 партия шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде өткөн жыйын учурунда белгилүү болду.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 8 партия «Ата Журт Кыргызстан» партиясынын шаардык жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууга укугу жок болчу» деген пикирин билдиришти. 

««Ата Журт Кыргызстан» партиясы Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына туура эмес маалыматтарды беришкен. 26-февралга чейин партия «Элдик биримдик» деп аталып келген. Ошондой эле АШК бул партиядан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин каттоодо мыйзам бузган»,-деди «Улутман» партиясынын өкүлү Кайрат Турдумалиев.

Эске салсак, жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрель күнү өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча Бишкек шаардык кеңешине жалпы 419 миң 901 шайлоочу катышып, азырынча 6 партия 7 пайыздык чектен өттү.

Алар:

«Эмгек» — 13,87 пайыз;
«Ак Бата» — 12,15 пайыз;
КЭДП — 10,70 пайыз;
«Ата-Журт Кыргызстан» — 9,63 пайыз;
«Ынтымак» — 8,34 пайыз;
«Биздин эл» — 7,73 пайыз.

Көп өтпөй, «Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы» (НДПК) Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоодон добуштарды сатып алууга аракет кылган, андан сырткары үгүт жүргүзүп, шайлоо кампаниясын каржылоо тартибин бузган деген негиз менен жарыштан чыгарылды.

Количество просмотров: 63