• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

8 жашар жээнин зордуктаган жаран 16 жылга эркинен ажыратылды

8 Кулжа 2023 15:40 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Кашкадарыя облусунда сегиз жашар жээнин зордуктаган жергиликтүү тургун 16 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу NeMolchi.uz долбоору кабарлады.

Маалыматка караганда, мас абалындагы 48 жаштагы тургун 2022-жылы ноябрда мектептен келаткан жээнин жолуктуруп, аны үйүнө алып барып зордуктаган.

NeMolchi.uz — аялдарга карата зомбулук көрсөтүү учурларына коомчулуктун көңүлүн буруу максатында 2017-жылы түзүлгөн көз карандысыз маалыматтык долбоор.

Үргөнч шаарындагы балдар үйүнүн жетекчиси жашы жете элек үч кызды жергиликтүү аткаминерлерге салып берип, алар 10 ай бою зордукталганы жөнүндө алгачкылардан болуп NeMolchi.uz долбоору жазып чыккан.

Майдын башында долбоордун негиздөөчүсү Ирина Матвиенко коркутуулардан улам Өзбекстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирген. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги бул боюнча тергөө иштери башталганын кабарлаган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин тергөөнүн жыйынтыктары боюнча коомчулукка эч кандай маалымат бериле элек.

Количество просмотров: 176