Коңшу Өзбекстанда Парижде өткөн Олимпиадада өлкөнүн курама командасынын жеңишин майрамдап, ийгилик жараткан спортчуларын кызуу куттуктап жатышат.
Өзбекстандын спортчулары олимпиададан сегиз алтын, эки күмүш жана үч коло медаль утуп алышты. Өзбекстан бокс боюнча рекордду жаңыртып, мекенине тарыхый жетишкендиктер менен кайтып келди.

Париж оюндарынын катышуучуларына шаарды аралап өтүү үчүн эки кабаттуу, үстү ачык автобустар даярдашты. Транспортто «Жаңы Өзбекстан үчүн жаңы жеңиштер!» деп жазылды.
Алтын медалдын ээлерине 200 миң доллардын сертификаттарын, Chevrolet Tahoe унааларын жана 4 сотых жер тилкелери, 3 бөлмөлүү коттедждер тапшырылды.
Күмүш медаль ээлерине 100 миң доллар, BYD Song Plus EV Champion унаасы жана батир белек кылышты.
Ал эми коло медаль ээлерине 50 миң доллар, BYD Song Plus DM-i Champion унаасын жана батир белек кылышты.