• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

800дөн ашык дарыгер COVID-19 эпидемиологиялык көзөмөл, клиника жана профилактика боюнча окутулду

21 Жалган куран 2020 7:35 Бишкек Govori.TV

Сегиз жүздөн ашык дарыгер COVID-19 эпидемиологиялык көзөмөл, клиника жана профилактика боюнча окутулду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

«2020-жылдын февраль айынан тартып республиканын бардык аймактарында 800гө жакын медайымга тренингдер жана дистанциялык окутуулар өткөрүлдү. Азыркы учурда 130га жакын адис, Бишкек шаарынын «Тез жардам» кызматы жана Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана алардын алдын ала даярдоо институту жана эпидемиология врачтары ДСУ жана «Сорос» фондунун колдоосу менен окуу семинарларын өтүшүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Окууну аяктагандан кийин ушул сыяктуу тренингдер ар бир райондук, шаардык МСБ жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөрүнүн адистерине жер-жерлерде окутулат.

Количество просмотров: 104