9-апрель күнү Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу токтотулат.
Саат 9:00дөн 23:00гө чейин М.Фрунзе көч., Манас пр., Жибек-Жолу пр, Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөлөрүндөгү турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде суу болбойт.
Таза суу шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.