• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

9-майда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

8 Бугу 2020 14:37 Бишкек Govori.TV

9-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;

Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27;

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 22…27 градус болот.

Количество просмотров: 230