• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

9 медкызматкерден вирус табылды

27 Тогуздун айы 202010:54 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда – 3, Талас облусунда – 1, Ош шаары – 1, Ысык-Көл облусунда – 1, Бишкек – 3 медкызматкерден илдет табылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3597 учур катталды, алардын ичинен 3290 медкызматкер айыгып чыкты.

Количество просмотров: 93