Эртең, 9-ноябрда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 6…11;
Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 4…9, күндүз 8…13;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12;
Бишкекте түнкүсүн 5…7, күндүз 8…10 градус болот.