Эртең, 9-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Ош облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт. Ал эми күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын туман каптайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн -6…-11
күндүз 0…-5
Талас облусунда
түнкүсүн -6…-1
күндүз 0…-5
Баткен облусунда
түнкүсүн -3…-8
күндүз +1…+6
Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн -3…-8
күндүз +1…+6
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн -8…-13
күндүз -4…+1
Нарын облусунда
түнкүсүн -19…-24
күндүз -10…-15
Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9 градус, күндүз -1…-3 градус болот.