• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Тамчыда 92 гектар жерге гольф-курорту курулат

17 Баш оона 2021 18:34 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Тамчы айыл аймагына гольф-курортун куруу пландалууда.

Токтом Ысык-Көл облусуна инвестицияларды тартуу жана гольф-курортун долбоорлоо жана куруу максатында кабыл алынган.

Министрлер кабинети токтом кылат:

  1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Тамчы айылдык аймагында жайгашкан жана мамлекеттик менчикте турган 92,25 гектар жер (77,4 гектар — жайыт, 0,25 гектар — жолдор, 1,8 гектар — суу астында, 12,80 гектар — башка жерлер) гольф-курортту долбоорлоо жана куруу үчүн «Токой фондусунун жерлери» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулсун (трансформациялансын).
  2. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
  • жерлерди эсепке алуучу документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
  • ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
  • айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркын Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык төлөөнү.
  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарына жүктөлсүн.
  2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Количество просмотров: 510