• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

«95% Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлүптүр». Депутат ЖМК мыйзамын сындады

6 Бирдин айы 2024 12:49 Бишкек Govori.TV

6-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салды.

Жыйында депутат Жанар Акаев Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун чийки экенин айтып, сындады жана күн тартибинен алууну сунуш кылды.

“Журналистер облустардагы ар бир мекемеден аккредитациядан өтүп чыгышы керек экен. Анда эч кимди иштетпей эле жаап салбайлыбы. Мыйзам долбоорун анализдеп чыктым. 95% Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлүптүр. Кээ бир беренелери 94-98% чейин көчүрүлгөн. Биз документти бул боюнча кабыл алганыбыз болбойт. Министрлер кабинетинин журналисттерде анча-мынча жоопкерчилик болушу керек дегени туура. Ага эч ким каршы эмес. Бирок аккредитациядан өтүшү керек, күбөлүк бериш керек дегендерди жөнгө салсак болот”, — деди Жанар Акаев.

Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү мыйзам долбоору 30-январда парламенттин дароо эки комитетинин колдоосуна ээ болду.

Аны дагы төрт комитет карап, жактырса гана палатага чыгарылат.

Документ кабыл алынса, бардык ЖМКлар кайра каттоодон өтүп, каржы булагын көрсөтүшү керек болот. Бул журналисттердин эркиндигин чектейт деген чочулоолор айтылууда.

Количество просмотров: 61