• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

ЖМК мыйзамы боюнча түзүлгөн жумушчу топ ишин баштады

4 Чын куран 2024 13:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-апрелде “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн комиссия алгачкы отурумга чогулуп, ишин баштады.

Маалыматка ылайык, атайы түзүлгөн топ 6 жыйын өткөрөт, жана дал ушу алты жыйын учурунда мыйзам долбоорунун 9 бөлүгүн карап чыгат.

29-мартта “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу үчүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов менен эксперттер, журналисттер жолугушту. Жыйында министр эки айдын ичинде мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгып, президенттик администрацияга жиберүү керектигин айткан.

13-мартта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору артка кайтарылган.

7-мартта Садыр Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугуп, ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан.

Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынса, ЖМКлар кайра каттоодон өтүп, аны Юстиция министрлиги жүргүзмөк. Каттоо үчүн үч документ — арыз берүү, ЖМК түзүү тууралуу маалымат жана чечим талап кылына баштамак. Ошондой эле ЖМК катары каттоодон өтүүдө анын каржылоо булагы так көрсөтүлүшү керектиги жазылган.

Жогорку Кеңешке киргизилип, айрым комитеттерден биринчи окууда колдоо тапкан бул документти эл аралык жана жергиликтүү уюмдар сынга алган.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн 2022-жылы декабрда да жумушчу топ түзгөн. Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей калганда, алар Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзам долбоорун мындай абалда кабыл албоого чакырышкан.

Количество просмотров: 44