• Бейшемби 25 Теке 2024
  • Четверг 25 Июль 2024

ЖМК мыйзамы коомдук талкууга чыгарылды

10 Теке 2024 15:45 Бишкек Govori.TV

“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы коомдук талкууга чыгарылды.

Анда, Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен белгиленген жана кепилденген ар бир адамдын өз оюн эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине, маалымат алууга жана жайылтууга болгон укугун ишке ашырууну камсыз кылууга багытталган жана бул укуктарга байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө сала турганы жазылат.

28-июнда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун акыркы жыйыны өткөн болчу.

Үстүбүздөгү жылдын 29-мартында “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу үчүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов менен эксперттер, журналисттер жолугушкан. Жыйында министр эки айдын ичинде мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгып, президенттик администрацияга жиберүү керектиги айтылган.

13-мартта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору артка кайтарылган.

7-мартта Садыр Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугуп, ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан.

Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынса, ЖМКлар кайра каттоодон өтүп, аны Юстиция министрлиги жүргүзмөк. Каттоо үчүн үч документ — арыз берүү, ЖМК түзүү тууралуу маалымат жана чечим талап кылына баштамак. Ошондой эле ЖМК катары каттоодон өтүүдө анын каржылоо булагы так көрсөтүлүшү керектиги жазылган.

Жогорку Кеңешке киргизилип, айрым комитеттерден биринчи окууда колдоо тапкан бул документти эл аралык жана жергиликтүү уюмдар сынга алган.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн 2022-жылы декабрда да жумушчу топ түзгөн. Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей калганда, алар Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзам долбоорун мындай абалда кабыл албоого чакырышкан.

Количество просмотров: 73